5-июлдан тартып 15-июлга дейре эл көзүнө чыкпаган Гурбангулы Бердымухамедовдун каза болгону тууралуу тастыкталбаган маалыматтар тарады. Ал эми "Хроники Туркменистана" басылмасы президент каза болбогонун, ал Германияда экенин жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Гурбангулы Бердымухамедовдун апасы Огулабат Бердымухамедова 10 күндөн бери Германиядагы ооруканалардын биринде оор абалда жатат. Аталган басылма ушул жылдын май айында түркиялык дарыгерлер, анестезиологдор тез арада Ашхабадга учуп кеткенин кошумчалаган. Дарыгерлердин тез арада Ашхабадга келүүсүнө өлкө башчысынын апасынын ден соолугу себеп болушу мүмкүн экени айтылган.
15-июлда мамлекеттик телеканалдар Гурбангулы Бердымухамедовдун эмгек өргүүсүнө чыкканын, ал убактысын үй-бүлөсү менен чогуу өткөрүп, чыгарма жазып жатканын репортаж аркылуу маалымдашкан. Андан бери президент тууралуу эч кандай маалымат таратыла элек.