Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети 2019-жылдын жарым жылындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн көрсөткүчүн жарыялады.
Маалыматка караганда, расмий катталган жумушсуздардын саны 2019-жылдын июнь айынын аягында 82,7 миң адамды түздү. Көрсөткүч 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 27 пайызга өскөн.
Орточо айлык эмгек акынын реалдуу өсүшү 2019-жылдын январь-май айларында 4,3 пайызды түзүп, 16 020 сом болду.
Алдын ала маалыматтар боюнча тышкы соода жүгүртүү 2019-жылдын январь-май айларында 2 миллиард 693,2 миллион долларды түзүп, 2018-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 2,6 пайызга азайды. Анын ичинде экспорт – 727,6 миллион доллар (3,7 пайызга өсүү), импорт – 1 миллиард 965,6 миллион доллар (төмөндөө 4,7 пайызга) болду.