Британияда 35 жаштагы аял шам койгучка турмушка чыкканы жатат

Британиядагы Лидс шаарынын жашоочусу канделябрга - шам койгучка турмушка чыкканы жатат. Бул тууралуу Daily Mirror басылмасы жазды.

Маалыматка караганда 35 жаштагы Аманда Либерти канделябрды интернетте жүргүзүлгөн аукциондо сатып алган. "Аны алып келиш үчүн 400 фунт (32 миң сом) короттум. Бул бир көрүп сүйүп калуу, чыныгы сүйүү. Көпчүлүк үчүн менин кызыгуум таң каларлык болушу мүмкүн. Бирок мен акылдан азган жокмун", - деген ал.

Аманда канделябрга Люмьер деген ат ыйгарып, нике шакегин да сатып алган. Былтыр ал Нью-Йорктогу Эркиндик статуясын жактырып жүрүп, бирок аралык алыс болгондуктан аны менен ажырашканын айткан.

Жансыз заттарды жактырган адамдар тобун объектосексуал деп аташат. Швециялык Эклоф Берлинер-Мауэр 1979-жылдан тартып өзүн Берлин дубалынын аялы катары айтып жүргөн. Америкалык Эрики ЛаБри 2007-жылы Эйфель мунарасына турмушка чыкканы белгилүү. 2017-жылы АКШдагы Сан-Диего шаарынын жашоочусу Санта-Фе темир жол станциясына турмушка чыкканы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
Kuyoo_bala
2019-07-22 10:30:55
Андан коро ХХХХХ тий,не болсода жаны бар,ишти да кылат)))
0
bond02
2019-07-22 11:20:15
Азыр ошондо куйоосунун каеринен кармап турат.
0
Kalmurzaev8900
2019-07-22 11:50:20
Бул эмне мееси айнып калган эмесби
0
aminali
2019-07-22 20:17:26
Kalmurzaev8900,ооба айнып калган, ушундай оорулулар коп табу! Оздоруно норма эле , ооруга айла жок.
+2
Sarinakg
2019-07-22 11:52:05
Тооба жоругун озун мн кетсин
+1
Baku88
2019-07-22 11:53:43
ХХХХ эле тийсенер болмок
0
katerina.li
2019-07-22 12:39:51
Шылдындабагыла. Балким оорукчан адам. Кебетесинен эле корунуп турат ко соо эместей болуп.
+4
jypar.ermatova
2019-07-22 16:54:09
Булда тагдыр неси болсода Бактылуу болсун
+3
Azkoni
2019-07-22 18:50:19
Тооба кылдым тооба.
+2
Klaridze
2019-07-22 18:57:07
Бактылуу болсун андан башка не дейбиз
-1
Skarlett-Skarlett
2019-07-22 19:45:39
Тан калаарлык,тобооо
0
Nestana95
2019-07-22 19:48:04
Эмне десем да,,соз келбейт го оозума
-1
Siren.ms
2019-07-22 21:31:37
Атын чыгарыш учун адамдар эмнелерди ойлоп табышпайт
-1
AykaMer
2019-07-22 23:48:59
Негативный коммент жазгандарга кайрылаарым,бирөөнү жамандап судить кылгандан көрө тообо келтирсеңер.Ар кимдин организими ар кандай иштейт.О.Э ар кимдин кызыгуусу ар кандай,сага жаккан нерсе башкасына сөзсүз жакпайт.Так что тообо кылгыла
+2
ainura220888
2019-07-23 12:40:28
Булда ооруда. Айла жок.
0
ainura220888
2019-07-23 12:42:16
Мисалга биз бир туфли же бир койнок коруп калсак иий ооруп калдым дейбизго. Буларда ошондой бирок биз ал нерсени озубуздон бийик койбой колдонобуз эскирсе башкасы менен ооруйбуз булар андай эмесда. Жон гана боорубуз оорушу керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан