Окуучу кыз сынак учурунда төрөп келгенге жетишкен

18 жаштагы Гвинеянын тургуну Фатумата Курума Конденин сынак учурунда толгоосу башталып калгандыктан ооруканага алып барышкан. 10 мүнөттөн кийин окуучу кыз уул төрөгөн, арадан жарым саат убакыттан соң ал кайра сынакка келип калган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Курума Конде төрөй турган күнүн жолдошунан жана туугандарынан жашырып келген. Анткени сынакка жибербей коёт деп коркконун айтат. "Мен жогорку окуу жайына тапшыруу сынагын өткөрүп жибербешим керек болчу. Бакалаврга бир жыл бою даярдангам", - дейт жаш эне.

Гвинеянын сынак өткөрүү борборунун жетекчиси Мохамед Диаките жергиликтүү маалымат каражаттарына бул окуянын чын экенин тастыктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Sabette
2019-07-22 10:57:34
Азамат
+1
aza84
2019-07-22 11:33:21
Отуптурбу анан
+4
AykaMer
2019-07-22 14:53:32
Кандай гана алга умтулуу,билим алууга умтулуу аа?! Молодец....
+8
titanik32
2019-07-22 18:15:55
Азамат кыз экен баарына жетишкен,бир Сынакбек пайда болуптур да.Бизде жүрүшөт же төрөбөй же сынак тапшыра алышбай.
+5
meni_kut
2019-07-23 10:12:54
аябай окугусу келген тура
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан