Кыргыз футболчусу Эрбол Атабаев жаңы сезондо Испаниянын кайсы клубунда ойноору белгилүү болду. Ал "Гранольерс" клубунда ойноп баштайт. Аталган команда Испаниянын 4-дивизионунда катышып келет.
Буга чейин Атабаев AEJMG футбол клубунда ойноп келген, өткөн сезондо 28 оюнда 6 гол жараткан. "Эрбол "Гранольерс" клубунун негизги курамы менен машыгып турат, бирок жаштар командасынын мелдешине катышат", - деп айтылат клубдун маалыматында.
"Гранольерс" 4-дивизиондо Каталония жана Андорранын клубдары менен таймашат.