Ботаникалык бакты сугаруу тармагын жакшыртуу үчүн активисттер каражат чогултушууда. "Арча демилгеси" коомдук фондунун директорду Дмитрий Ветошкиндин айтымында, жайдын ысыгында дарактар сугарылбай калууда.
Ботаникалык бактагы ирригациялык түйүндөрдү тазалоо үчүн 6 миң доллар каражат керек болууда.
"Ботаникалык бак ушул жайда куурап калышы мүмкүн. Бактын сугарылбай калышы бир жыл эле эмес, көп убакыттан бери келе жаткан системдик көйгөй болуп жатат. Бактагы көйгөйлөр мамлекет тарабынан комплекстүү чечим кабыл алууну талап кылат. Биз мамлекеттен акча алуу жолдорун карай беребиз. Бирок бул өсүмдүктөр күтүп турушпайт. Көйгөйлөрдү чечүү жолун таптык, ал өсүмдүктөрүбүздү жоготуп алуудан сактайт. Оңдоп-түзөөгө 6 миң доллар каражат керек болууда", - дейт Дмитрий Ветошкин.