Концерттен жок же акчадан жок. Москвада Орус жараны элди алдап кетти

Орусиянын Москва шаарындагы "CROCUS CITY" концерттик залында Кыргыз эстрада ырчыларынын жана күлкү жаратуучуларынын катышуусунда концерт 20-июлга белгиленген. Бирок аталган концерт болбой калганын, билеттерди сатып алгандардын акчасы кайтарылбай жатканын социалдык тармактын колдонуучусу жазып чыккан.

Интернет колдонуучунун айтымында, концерт ушул жылдын 22-июнуна белгиленген. Бирок уюштуруучу Адина Турдубаева концертти белгисиз себептерден улам 20-июлга жылдырган.

"1 ай бою күткөн концерт белгиленген күнү дагы өтпөй калды. Адина Турдубаева залдын ижара акысына жетиштүү көлөмдөгү акча чогулбай калгандыктан концертти токтотконун, орун сатып алгандардын акчасын август айында кайтарып берерин айткан. Эл ага ишенбей укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган. Алдын ала маалыматтар боюнча 3 миңге жакын билет сатылган. Бир билеттин баасы 2 миң рублдан жогору болгон. Концертте оюндар ойнотулуп, 2 унаа жана башка түрдүү белектер берилет деп элди алдаган", - деп жазган.

Бул окуя боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги билдирүү жасады.

"Сатира жана юмор кечеси үстүбүздөгү жылдын 22-июнуна пландаштырылып, белгисиз себептер менен 20-июлга жылдырылган. Тилекке каршы, бул күнү да концерт өткөн эмес.

Элдин нааразычылыгы иш-чараны уюштуруучулардын жоопкерчиликсиз мамилесинен улам жаралган. Уюштуруучу Адина Турдубаева Орус жараны болгондуктан, Орусиянын тийиштүү мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат", - дейт маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
bond02
2019-07-22 18:01:15
Ана Москва, мына Москва!
+13
macho90
2019-07-22 18:17:56
Рахман Разыковдун концерти беле бул?
+6
Begimkyz.
2019-07-22 18:50:41
macho90,ооба бирок, уюштуручуулары башкалар экен. Алар гонорар алып, конок катары келип кетишмек экен. Не только крокус сити, башка концертный залдарда деле откорсо болмок экен, алына карап.
+5
katerina.li
2019-07-22 18:19:09
Орус жараны дегенибиз менен,баягы эле кара коз кыргыздар шылуундук менен алектенген. Кыргыз десем озубузго тиет
+12
Nazar76
2019-07-22 18:42:03
ОЗУ Москвада Кыргыз Кыргызды кидала калган коп болупаты эле эми артистерибиз дагы кошулуптурда
+6
munduz2016
2019-07-22 19:21:03
Колунан келсе же ошол ишке көзү жетсе кылбайбы мындай иштерди. ..
+6
BarsBaatyr
2019-07-22 19:55:13
Москвадагы Тааныштарды баргыла деп өлө үндөдүм эле, уят эле болдум.
+6
nemo2016
2019-07-23 12:43:37
BarsBaatyr,мага окшопсун менда уялып жатам жакшы эчкимиси билет албаптыр
+4
karona12
2019-07-22 22:00:39
Билет алып акчабызга куйуп отуруп калдык.Бул жерде Москвада кок бору ойноткон Нурбектин да куноосу бар,ал эжеге 3500билет сатып берем сиз машинанызды кок боруго байге кылып сайып бериниз дептир.Тигил эже 800минге машина алып кок боруго сайып аны кыргыз бала утуп алган.Бирок Нурбек Курбаналиев созуно турбай билетти сатып бербей коюп ушундай болуп калды.Нурбек Курбаналиев уят деген болуш керек да.Баса 3000 мин билет сатылды деген калп, 1500билет сатылыптыр анын 700 минин арендага алдын ала берге
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан