Президент Сооронбай Жээнбеков Сауд Арабиясынын парламентинин спикери менен жолугушту

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Кыргыз өлкөсүнө расмий иш сапары менен келген Сауд Арабиянын спикери Абдалла бин Мухаммад Аль Аш-Шейх менен жолугушту. Мындай маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

"Эки тараптуу жолугушуу бүгүн, 22-июлда болуп, анда актуалдуу маселелер, анын ичинде өлкөлөр ортосундагы парламенттер аралык өз ара кызматташуунун мындан аркы келечеги талкууланды.

Сооронбай Жээнбеков өз ара кызматташууну тереңдетүү боюнча аракеттер уланарын баса белгиледи. Ошондой эле соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды, айыл чарба жана региондор аралык чөйрөлөрдө кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин кошумчалады.

Ал эми спикер Абдалла бин Мухаммад Аль Аш-Шейх Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков менен болгон сүйлөшүүлөр пайдалуу болгонун, анда эки тараптуу кызматташтык маселелеринин бардык спектри талкууланганын айтты. Сауд Арабиясынын спикери Сооронбай Жээнбековдун расмий иш сапары менен Сауд Арабиясына келишин күтүп жатканын кошумчалады", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан