Ушул жылдын июль айында абанын температурасы жогорулап, катуу ысык орун алууда. Кыргызгидромет 26-июлдан 29-июлга чейин республиканын көпчүлүк аймактарында абанын температурасы +38... +40 градуска жетери күтүлүп жатканын маалымдаган.
Мээ кайнаткан ысык дагы канча убакытка созулат деген суроо менен Кыргызгидрометке байланышып, төмөндөгүдөй жооп алдык.
"Биз аба ырайы тууралуу маалыматтарды бир аптага гана чыгарып беребиз. Июль айында абанын температурасы жогорулады. Айдын аягында +40 градуска чейин жетиши күтүлүүдө. Ал эми август айында жамгыр жаап, Чүй, Нарын өрөөндөрүндө абанын температурасы +35... +37 градуска чейин жетиши болжолдонууда".
Аталган агенттиктен абанын температурасынын эң жогорку чени канчага жеткени тууралуу маалыматтар жок экенин кошумчалады.
Мээ кайнаткан ысык адамдардын өлүмүнө себеп болгон учурлар кездешет. Мындай аба ырайында жарандардын коопсуздугу мамлекет тарабынан корголобу деген суроо менен Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Эмгек башкармалыгына кайрылдык. Тилекке каршы, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде мээ кайнаткан ысыкта жарандардын коопсуздугун камсыздай турган мыйзам же норма жок экенин билдиришти.
"Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде мээ кайнаткан ысыкта иш убактысын кыскартуу жана башка чектөөлөр боюнча мыйзам же норма жок. Эгерде абанын температурасы +40 градус болуп, 5 же андан ашык күнгө созулса, анда Кыргызгидромет бизге айтышы керек. Ошол учурда гана биз өкмөткө иш убактысын кыскартып берүү өтүнүчү менен кайрылабыз. Калганын өкмөт чечип берет.
Ал эми кышында катуу суук орун алганда иш убактысы кыскартылышы керек деген норма бар. Тагыраагы, Эмгек кодексинин 111-беренесине ылайык, катуу суук учурунда ачык жайда иштеген жумушчуларга, жылытууга мүмкүн болбогон ишканаларда иштеген кызматкерлерге атайын жылынуу, эс алуу үчүн уруксат берилет. Ал убакыт иш мөөнөтүнө кошо киргизилген", - деди Эмгек башкармалыгынын башкы адиси Гулзина Бообекова.