Улуу Британиянын премьер-министри болуп Борис Жонсон шайланды

Улуу Британиянын Консервативдик партиясынын лидери болуп Борис Жонсон шайланды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Борис Жонсон эми Британиянын премьер-министрлик кызматын аркалайт. Ал бул ишке эртең, 24-июлда киришмекчи.

Шайлоонун жыйынтыгында Борис Жонсон партия мүчөлөрүнөн 92 миң добуш алса, ал эми анын атандашы Жереми Хант 46 миң добуш алган.

Буга чейин Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй Консервативдик партиясынын лидерлигинен кетерин жарыялаган.

Борис Жонсон 55 жашта. Ал буга чейин Лондон шаарынын мэри, Улуу Британиянын тышкы иштер министри болгону маалым. Саясатка келгенге чейин көп жылдар бою журналист болуп иштеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
uz.nookat
2019-07-23 19:33:23
Бизге неге кереги бар ????
+1
akmanai
2019-07-24 01:09:01
Дуйнолук жанылыктар менен кабардар болуп тургандын эмнеси жаман.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан