"Манас" эл аралык аэропортунун ондон ашык кызматкери түшкү тамактануудан кийин ууланганы белгилүү болду

"Манас" эл аралык аэропортунун ондон ашык кызматкери түшкү тамактануудан кийин ууланганын аба майдандын басма сөз кызматкери билдирди.

Маалыматка ылайык, уулангандар жеке менчик "Экипаж" ашканасынан тамактанышкан.

"Аэропорт бул окуядан кийин Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна кайрылган. Алар аталган жайга эки жолу текшерүү жүргүзүшкөн. Мындан улам алардын чыгарган жыйынтыгынан кийин гана ашканага чара көрүлөт. Ал эми аэропортто иштеген кызматкерлер кайсы ашканадан тамактана турганын өздөрү тандашат", - деп билдирет басма сөз кызматы.

Ал эми Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору кызматкерлер ашпозчулар өздөрүнүн рецепти менен жасаган куксиден улам ууланышканын билдирген.

Буга чейин Бишкектеги Жугуштуу оорулар боюнча республикалык ооруканасына "Манас" эл аралык аэропортунун кызматкерлери уулангандарын айтып кайрылышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Tolkun555
2019-07-23 22:24:59
Ошол ашкананы парламенттин ашканасына которуш керек.
+3
JENTLEMAN
2019-07-23 22:35:55
"Аэропорт" пу? Же "Аба майдан" бы? Супер кыргызча сайтпыз дейсиңерда, анан "Аэропорт" деп эле уруп жаза бересиңерго, эмнеге?
0
Эльвира Караева
2019-07-23 22:44:41
JENTLEMAN, аба майданы деп көбүнчө авиабаза дегенди которууда колдонушат. Авиабаза менен аэропорттун айырмасы бар.
-2
JENTLEMAN
2019-07-23 22:55:09
Эльвира Караева, Анда "Аэропорт" тун кыргызчасы кандай болот?
0
Эльвира Караева
2019-07-24 18:14:14
JENTLEMAN, аэропорт болот
0
ruslan868600
2019-07-24 08:35:17
Оштун аэропортундагы ашканаларды көзөмөл кылгандар барбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан