Кыргыз-Тажик чек ара аймагындагы Ак-Сай айылынын жашоочулары тарабынан тартылган видео тарап жатат. Анда жашоочуларга кыргыз күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери ок чыгарып жатышканы айтылат. Видеодон жарандардын буту, бели, колдору кан болгонун көрүүгө болот.
Жергиликтүү тургундардын "Өзүбүздүкүлөр өзүбүздү атып жатат", "Биз жөн эле жолугушуп, сүйлөшөлү дегенбиз, граната таштап жатышат" дегенин угууга болот.
Бул боюнча чек ара кызматына байланышканыбызда мекеменин басма сөз кызматы "чек арачылар эмес, милиция кызматкерлери атып жатат" деп билдиришти.
ИИМ бул боюнча комментарий бере элек.
Маалымат толукталат.
Сүрөт жана видеодогу адамдар алган жаракаттарга караганда күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери атайын каражаттарды колдонуп жатышканы көрүнөт.