Москвада Кыргыз жаранына колдоо көрсөтүп, аны полиция бөлүмүнө алып барарда токтотуп калган айымды Ысык-Көлгө эс алууга чакырышууда. Окуя учурунда тартылган видео тарагандан кийин интернет колдонуучулары ага ыраазычылыктарын айтып, эс алууга жолдомо берүүнү сунуштап чыккандар да болду.
Коомчулукка белгилүү болгондой, окуя 20-июлда Москва шаарында "Третьяковский" метро-станциясынын жанында орун алган. Мыйзам бузбай, жөн гана отурган Кыргыз жаранынын паспортун туристтик полиция кызматкерлери текшерүү үчүн сураган.
Ошол маалда окуянын чоо-жайын билүүгө кызыкдар болгон эл топтолуп, окуяны баштан аяк уюлдук телефонго тартып интернетке жүктөшкөн. Алардын арасында турган Ирина Яценко Кыргыз жаранынын таламын болушунча талашып, жигитти камакка алып кетүүгө каршы турган. Окуянын жүрүшүндө Кыргыз жараны эрежени бузбаганы жана ал Орусиянын аймагында мыйзамдуу жүргөнү такталды.
Милиция кызматкерлерине "Эмне үчүн паспортун текшерип жатасыңар?" деп суроо беришкенде, алар жооп бере алышкан эмес. Интернет колдонуучулары тарабынан Ирина Яценконун адамгерчилик сапатына карата жылуу пикирлер азыркы учурга чейин айтылууда.
Окуя боюнча интернеттеги баракчасына пикирин жазган Ирина Яценко сөзүн кыргызча саламдашуу менен баштады.
"Саламатсыздарбы? Менин Кыргыз жерине көчүп барайын деген оюм жок. Кыргыз тилин өздөштүрөрүмө деле ишеним арткан жокмун. Болгону акыркы күндөрү баракчама катталган колдонуучуларга өз тилинде саламдашууну туура көрүп турам. Бирок кыргыз тилин кытай тилине салыштырмалуу начар билгендиктен орусча жазайын. Видео жарыяланган соң мага миңдеген адамдар жаза баштады. Бардык комментарийлерге жооп бергенге аракет кылып жатам, бирок алар өтө эле көп санда болуп жатат. Ыраазычылык сөзүн жазган инсандарга, Ысык-Көлгө жолдомо сунуштагандарга айтарым: жылуу пикирлериңизге жана чакырууларга рахмат! Ал жигитке жардам бере алганыма өтө кубанычтамын.
Менин оюмча, Орусияда өз укуктарын билген, өзүн коргоого аракет кылган адамдардын саны көбөйүп жатат. Андай адамдардын саны арбыганда биздин жашообуз түп тамырынан өзгөрөт. Идеология, раса, улут, тутунган дини, саясий көз карашына карабай адам укуктары баарында бар", - деген ал.