КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов: "Кандай гана кырдаал болбосун ал көпкө созулбайт". КҮНСОБОЛ

Бүгүн, 24-июлда экс-президент Алмазбек Атамбаев Москвага учуп кетти. Атамбаев өз сөзүндө эртең кечки саат 19:00дө Кыргыз өлкөсүнө кайтып келерин айтты. Учурда анын кайтып келиши боюнча социалдык тармактарда ар түрдүү пикирлер айтылууда.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы “Атамбаев Москвага барып келген соң, өлкөдөгү саясий кырдаал өзгөрөт деп ойлойсузбу?” деген собол салды.

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов бул маселе оң жагына чечилишине үмүтү чоң экенин айтты.

"Алмазбек Атамбаев Москвага барып келген соң саясий кырдаал оң жакка өзгөрөт деп ишенем. Кандай гана кырдаал болбосун ал көпкө созулбайт деген ойдомун. Эң негизгиси бул маселе оң жакка чечилсе экен деген үмүтүм бар", – деди Турдукулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан