Бүгүн, 24-июлда экс-президент Алмазбек Атамбаев Москвага учуп кетти. Атамбаев өз сөзүндө эртең кечки саат 19:00дө Кыргыз өлкөсүнө кайтып келерин айтты. Учурда анын кайтып келиши боюнча социалдык тармактарда ар түрдүү пикирлер айтылууда.
SUPER.KG порталынын “Атамбаев Москвага барып келген соң өлкөдөгү саясий кырдаал өзгөрөт деп ойлойсузбу?” деген соболуна экс-депутат Равшан Жээнбеков жооп берди.
Ал билдиргендей, Кыргыз саясатында Орусиянын, Кремлдин орду чечүүчү болуп эсептелет.
"Көп мамлекеттик кызматкерлер, саясатчылар, жарандар муну байкашпайт, айтышпайт же билсе дагы унчугушпайт. Бирок биз бул нерсени так айтышыбыз керек. Кыргыз мамлекетиндеги бардык маанилүү маселелер боюнча чечүүчү роль Кремлдин колунда. Атамбаев Москвага барып келгенден кийин көп өзгөрүүлөр болот. Биринчиси, Атамбаевдин партиясы келерки 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоодо негизги оппозициялык партиялык орунду ээледи. Орустарга жакын позицияны бекемдеп койду. Каражат маселеси чечилди десе болот. Экинчиси, Атамбаев келгенден кийин коомдук пикирде чоң өзгөрүүлөр күтүлөт. Бүгүнкү күндө деле социалдык тармактарда талкуулар болуп жатат. Үчүнчүсү, саясатчылардын арасында сүйлөшүү процессинде бийлик бир тарап, оппозиция бир тарап болуп бир топ жеңилдейт. Ушуга окшогон маанилүү процесстер жүрөт. Бул жалпы Кыргыз саясатына, бүгүнкү болуп жаткан окуяларга чоң таасир берет", - дейт Равшан Жээнбеков.