Премьер-министр: "Сентябрь айынан тарта мугалимдердин айлыгы көтөрүлөт"

"Айлык маяналарды жогорулатуу - бул өкмөттүн жоопкерчилиги" деп кечээ, 24-июлда өкмөттүн жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Премьер-министрдин айтымында, 2008-жылдан бери көтөрүлбөй келе жаткан Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлеринин айлык маянасы 30 пайызга жогорулады. "Мамлекеттик кадр кызматынын айлык маянасы көтөрүлдү. Спорт машыктыруучуларынын эмгек акысы 50 пайызга жогорулады. 1-сентябрдан тарта мугалимдердин айлыгы, 1-октябрдан баштап пенсиялар көтөрүлөт", - дейт өкмөт башчы.

Ошону менен катар эле Абылгазиев президент тарабынан 2 жыл катары менен "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыяланышы региондордун өнүгүшүнө жакшы түрткү болгонун айтты. "Жаштар арасында патриоттуулук сезимдери менен кичи мекендерине жардам берүү демилгелери да көбөйүп бара жатат. 2019-жылы региондордогу бизнес-долбоорлорду колдоо жана жаңы жумушчу орундарын түзүү максатында мамлекеттик бюджетте 2 миллиард сом каражат каралган. Учурда приоритеттүү бизнес-долбоорлорду тандап алуу, механизмдерин иштеп чыгуу боюнча өкмөттүк комиссия бекитилди. Аймактарда ишкерликти тейлөөчү борборлор ачылды. Жергиликтүү ишканалардын жана жарандардын жеке демилгесин баса белгилеп кетким келет. Алар аймактардын экономикасына 6 миллиард 3 миллион сом каражат салып, 9 миңден ашык туруктуу жумушчу орундарын түздү", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
senchi
2019-07-25 10:51:09
Жаниңди жебе по факты көрсөт анан сүйлө.
+3
tular
2019-07-25 14:55:25
Бул жон гана соз...
+2
tular
2019-07-25 14:57:36
Биринчи чек ара маселесин чечсинчи, Баткенде озубуздукулор озубузду атып жатышса, тажиктер бир жагынан атып жатышса?! Булар айлык маянаны эми эстештиби? А эмнеге буга чейин соз болгон эмес...
+2
Nariste...12
2019-07-25 15:35:39
Сентябрь айы дагы алыс эмес, куто туралы!Созуно турар бекен?!
0
dina
2019-07-26 09:30:46
300сомго көтөрүлөбү?))))
0
Aktan2018
2019-07-26 11:40:01
dina,120сом кошулат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан