Суучул Денис Петрашов "Токио-2020" Олимпиадасына экинчи жолдомосун утту

Кыргыз суучулу Денис Петрашов "Токио-2020" Олимпиадасына экинчи жолдомосун алды. Ал олимпиадалык лицензияны Түштүк Кореяда суудагы спорт түрлөрү боюнча өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда жеңди.

Кванжу шаарында өтүп жаткан мелдеште 25-июлда Петрашов брасс түрү боюнча 200 метр аралыкка сүзгөн. Анын жыйынтыгы 2 мүнөт 11,65 секунданы түзүп, олимпиадалык нормативди толтурду. Жалпы тизмеде спортчу 24-орунду алды.

Буга чейин Петрашов брасс түрү боюнча 100 метр аралыкка Олимпиадага жолдомо алган. Эми ал "Токио-2020" Олимпиадасында 100 жана 200 метр аралыкка мелдешке чыга алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
katerina.li
2019-07-25 13:08:50
Азамат! Ушу баланы колдош керек
0
Altyn.bala
2019-07-25 15:48:15
Ийгилик!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан