Коомдук фонддун өкүлдөрү Ысык-Көлдүн түбүнөн 25 мүшөк таштанды алып чыгышты

Ысык-Көлдүн түбүнөн 25 мүшөк таштандыны "Таза Ысык-Көл" коомдук фондунун өкүлдөрү алып чыгышты. Алар тазалоо иштерин видеого тартып социалдык тармак аркылуу жарыялашты.

Акцияга катышкандар өз демилгелери менен чыгып, 25 мүшөк таштанды алып чыгышкан.

"Дайверлердин 5 тобу Чок-Тал булуңундагы суунун түбүнөн желим таштандыларды чогултушкан. Алардын бардыгы 25 мүшөк болгон. Мынча көлөмдөгү таштандыны чогултуу үчүн 3 күн сарпталган. Мындан тышкары коомдук фонддун өкүлдөрү көл жээгинде ишембилик уюштуруп, ага жергиликтүү тургундар дагы катышты", - деп билдирген фонддон.

Былтыркы жылы көлдүн түбүндөгү таштандыларды тазалоо акциясына катышкандар өз демилгелери менен чыгып, 30 мүшөк таштанды алып чыгышкан.

Ысык-Көлдүн түбүнөн чогултулган таштандылар
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан