Балыкчы шаарында эмне себептен электр жарыгы өчүрүлүүдө? "Чыгыш электр" ААКсынын жообу

Социалдык тармактарда акыркы учурда күн сайын Балыкчы шаарында электр жарыгы өчүрүлүүдө деген маалымат тараган. Жарык атайын оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу өчүрүлүп жаткандыгын "Чыгыш электр" ААКсынын маалымат кызматынын башчысы Гүлмира Тониева SUPER.KG`ге билдирди.

"Балыкчы шаарында электр жарыгы өчүрүлүп жаткандыгы ырас. Атайын кышка даярдык көрүү үчүн оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу өчүрүлүүдө. Бүгүн саат 09:00дөн 17:00гө чейин Аманбаев, Темирязевская, Крупская, Фучик, Алиев көчөлөрүндө өчүрүлдү. 24-июлда Кунакунов, Почтовая жана Чкалов көчөлөрүндө өчүрүлгөн. Оңдоп-түзөө иштери жаңы электр шаймандарын орнотууда, электр зымдарына тийип калган бак-дарактарды кыюу учурунда жана жашылдандыруу ишканасынын суранычы менен да өчүрүлүүдө", - деди Тониева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Defans2017
2019-07-25 19:08:04
Чолпон Атада дагы очуп атат
0
Kroxa
2019-07-28 01:44:56
Defans2017,Бакиевдин заманы тезек тергиле эмне карап отурбай ..
0
Defans2017
2019-07-25 19:08:56
Туризмди ондуробуз дегени не кунуго свет очкону не
0
Domui
2019-07-26 07:45:49
Жарыялап анан очурбойсунгорбу ХХХХХ,мынчасынан мына кунго дери свет очот ондоо журуп атат деп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан