Франциялык "учуучу адам" Франки Запата 20 мүнөттүн ичинде Франция менен Англиянын ортосун учуп өтүүнү пландаган. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдирет.
Маалым болгондой, ал ховерборд (атайын кубатталган, 10 мүнөткө чейин гана өз алдынча уча алган аппарат) менен өтмөк. Запата каналды учуп өтүүдө бир жолу токтомок. Бирок учкуч пландаган тынымын жасай албай, сууга кулаган. Запатанын командасынын айтымында, шамалдан улам ал коно алган эмес.
Бул канатсыз уча турган реактивдүү учак Европа аскердик корпорациясы тарабынан аскердик иштер үчүн иштелип чыккан. Запатага чет элдик инвесторлор ховербордду жасаш үчүн кызыкчылык көрсөтүлгөндөн кийин Франция бийлиги ага аталган долбоор үчүн 1 миллиондон ашык еврону грант катары берген. Бул аппарат негизи суу үстүндө учуу үчүн жасалган жана ылдамдыгы саатына 190 чакырымга чейин жетет.