Бүгүн, 25-июлда Тунистин президенти Аль-Баджи Гаид ас-Себси көз жумду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Буга чейин анын ооруканага жаткырылгандыгы айтылып, акыркы күндөрү такай дарыгерлердин көзөмөлүндө болгон.
Ас-Себси Парижде билим алып кийин адвокат болуп эмгектенген. Тунис мамлекети эгемендүүлүк алгандан кийин өкмөт башчынын кеңешчиси, Ички иштер министри, Коргоо министри жана бир канча өлкөлөрдө элчи болгон. 2014-жылы ас-Себси президенттикке шайланып, Зимбабвенин президенти Роберт Мугабеден кийин дүйнөдөгү эң улуу президент болгон.