11-июлда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин Москвада жолугушкан. Ал эми кечээ, 24-июлда экс-президент Алмазбек Атамбаев Москва шаарына барып, Путин менен жолукту. Президент жана экс-президенттин бул кадамдары коомчулукта талкуу жаратууда.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Президент жана экс-президенттин Путинге кайрылуусу өлкө толук эгемендүүлүккө ээ эмес деген көрсөткүчпү?" деген собол салды.
Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бул көрүнүш өлкөнүн эгемендүүлүгүнө толугу менен таасир эте турганын билдирди. “Эгемендүүлүктү кылымдар бою ата-бабаларыбыз сактап келген. Башка мамлекеттин президенттери өлкөнүн ички ишитерине киришкени туура эмес. Бул жолугушууну өлкөнүн көз карандысыздыгына доо кетирүү деп эсептейм”, - дейт Токтонасыров.