Чечен Республикасынын президенти Рамзан Кадыров 6 жашар баланы жан сакчы кылып алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, 6 жаштагы Магомед-Эми Газиевдин президентти коргогусу келерин айткан видеосун ата-энеси социалдык тармакка жайылткан. Рамзан Кадыров видеону көргөндөн кийин Магомед менен жолуккан. Жолугушууда өлкө башчы Магомедге оюнчуктар дүкөнүнөн жан сакчыга керектүү болгон бардык буюмдарды алып берген.
Рамзан Кадыровдун кичинекей жан сакчыны жоопкерчиликтүү кызматка киришкени менен куттуктаган.
"Бүгүнтөн баштап мен эч нерседен кабатыр болбойм. Анткени менин тажрыйбалуу жан сакчым бар. Ага дүйнөдө эч ким тең келе албайт", - деген президент.