Малайзиянын мурдагы падышасы менен орусиялык модель ажырашып кетти

Малайзиянын мурдагы падышасы Мухаммад V "Москва сулуусу-2015" сынагынын жеңүүчүсү Оксана Воеводина менен ажырашып кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Мухаммад V`тин жактоочусуна таянып жазып чыгышты.

Ал эми Оксана Воеводинанын курбусу түгөйлөрдүн ажырашып кеткендигин тастыктап, модель учурда Москвада жашап жатканын айткан. Ошондой эле ал Оксана Воеводина эмне себептен ажырашкандыгын айта албай турганын билдирген.

Малайзиянын мурдагы падышасы менен орусиялык моделдин ажырашып кеткендиги тууралуу маалымат 17-июлда белгилүү болгон. Айрым маалымат каражаттары алардын ажырашуусу 1-июлда болгонун жазып чыгышкан. Ал эми социалдык тармактарга тарап кеткен документтерге ылайык, түгөйлөр ислам дининин негизинде ажырашкан. Азырынча алар эмне себептен эки башка жолго түшкөнү тууралуу так билдирүү жок.

2018-жылы 22-ноябрда 49 жаштагы Мухаммад V "Москва сулуусу-2015" сынагынын жеңүүчүсү, модель Оксана Воеводинага баш кошкон. Ал эми алардын ажырашуусунун себеби Мухаммад V'тин өз эрки менен тактан баш тарткандыгынан улам деген маалыматтар тараган. Кийинчерээк жубайлардын ажырашуусу тууралуу маалымат эч ким тарабынан тастыкталбаганы жана бул жөн гана ушак кептер экени айтылган.
Ушул жылдын 21-майында уулдуу болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Chungyz
2019-07-26 00:15:29
2020 алса керек эми
-2
TalaCSKA
2019-07-26 02:02:34
Канча сулуу болбосун баягы эле гор так что сулуу сулуу эмесинен разница жок
+1
Djal1987
2019-07-26 03:10:14
Эркектерге таба жок озу
-6
barakcha
2019-07-26 07:13:52
Албетте байлыгына,бийлигине карап тийген да.Хандыктан баш тартпаганда,Оксанасы дагы баш тартпайт болчу бул Джигиттен)
+7
Kuba-savai87
2019-07-26 09:54:54
Жаман эле жазыпсынарго комантарийди толук окуусанар ажырашпаптырго ушак экен го
-1
JaneEr
2019-07-26 15:58:56
Kuba-savai87,ажырашты толуп атат инетте.Даже падыша менин уулум эмес болгон учун ажыраштым дептир.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан