Ош шаарынын Курманжан датка жана Амир-Темир муниципалдык аймактык башкармалыктарына бала бакча курулат. Бүгүнкү күндө бала бакча курулуучу жерлер курулуш иштерине даярдалууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
25-июлда тиешелүү кызматтардын жетекчилери Амир-Темир муниципалдык аймактык башкармалыгында курулушка даярдык иштери менен таанышты. Жакынкы күндөрү капсула салынат.
"Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов быйылкы жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен Түштүк-Чыгыш, Он-Адыр кичи райондоруна бала бакча куруларын, үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен Ак-Тилек кичи районуна да жаңы бала бакчанын курулушу башталарын билдирген. Мындан тышкары менчикке берилип кеткен бала бакчанын имараттарын кайтаруу аракеттери көрүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.