Хабиб Нурмагомедов Орусияда спорт жана шоу-бизнес тармагындагы эң ийгиликтүү адам болуп табылды

Forbes журналы Орусиянын шоу-бизнес жана спорт тармагындагы 40 жашка чейинки эң ийгиликтүү адамдардын тизмесин жарыялады. Тизмени түзүүдө катышуучулардын атактуулугу жана алардын кирешеси эске алынган.

Маалым болгондой, тизмеде UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов сап башында. Басылма спортчунун кирешеси 11,5 миллион доллар деп жазган. ЖМКларда мушкер 75 миңдей жолу, ал эми социалдык тармактарда 1,5 миллион жолу талкууланган.

Экинчи орунду ырчы жана алып баруучу Ольга Бузова 4,4 миллион доллар киреше менен ээлейт. Ырчы ЖМКларда 73 миң жана социалдык тармактарда 4,5 миллион жолу талкууланган.

"Вашингтон Кэпиталз" хоккей клубунун чабуулчусу Александр Овечкин үчүнчү орунду камсыздайт. Овечкиндин кирешеси 14,5 миллион долларды түзгөн. Спортчу ЖМКларда 59 миң, ал эми социалдык тармактарда 560 миң жолу талкууга алынган.

Алдыңкы ондукту ырчылар Егор Крид, Баста, Дима Билан, Тимати, Полина Гагарина, модель Ирина Шейк, футболчу Артем Дзюба толуктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
leilekstan_1987
2019-07-26 11:51:29
Хабиб таксырдында Конордун артынан бир аз жылдызы жанып ийгилик жылмайдыго)))
+1
filis
2019-07-26 12:26:48
leilekstan_1987,
Таксыр болбой куруп кетсин. Ушуга окшогон таксырлардын айынан дагестан жаштары карангылык, диний фанатизмдин азабын тартып жатышат.
-8
batleybesh
2019-07-26 13:05:11
filis,эмне сен коруп келдинби кыйналып атышканын
+2
fora
2019-07-26 14:56:08
filis,карангылык сенде бар экен ал оз элин жерин суйгон патриот жигит салтын наркын коргоп келет ошончо миллион элдин арасында сен эки оруска тенелип дининди да салтынды сатып журосун
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан