Челябинскте жүргүнчүлөрдү алып бараткан автобусту кран сүзүп кетти. Кырсыктан 6 адам жабыркап, 1 адам каза болду

Челябинскте жүргүнчүлөрдү алып бараткан автобусту кран сүзүп кетти. Кырсыктан 6 адам жабыркап, 1 адам каза болду. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кырсык Ленин районундагы көпүрөнүн жанында орун алган.

"Кырсыктын кесепетинен 6 жүргүнчү ар түрдүү жаракаттарды алып, 1 адам каза болгон. Учурда жабырлануучуларга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүп, бул жол кырсыгы боюнча тергөө амалдары башталды. Алдын ала берилген маалыматка ылайык жол кырсыгы крандын тормозу иштебей калгандыктан келип чыккан", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан