Борбор калаанын жашоочусу Улуттук госпиталдын айланасындагы көчөлөрдө жаралган көйгөйлөр боюнча Бишкек шаарынын мэрине жана тийиштүү министрликтерге кайрылган. Ал ооруканага баруучу жолду оңдоп, көчөлөрдү иретке келтирүү зарылдыгын айткан.
Маселени көтөрүп чыккан Айгүл Султановага байланышканыбызда, ал жазган арызына алгылыктуу жооп ала электигин билдирди.
"Менин маалыматым боюнча госпиталдын айланасындагы павильондордун ижара келишими 2017-жылы бүткөн. Эки жылдан бери уруксаты жок иштеп жатышат. Андан сырткары Улуттук госпиталдын айланасында дарыкана менен дүкөн көп, бирок тротуар жана унаа токтотуучу жайдын жоктугуна эл нааразы. Госпиталга аймактардан да адамдар көп келгендиктен унаа токтотуучу жай салынып, акысыз болушу керек. Кечээ мэрияга кирсем вице-мэр Уланбек Азыгалиев комиссия түзүлүп, бул иш караларын билдирди", - дейт Султанова.
Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан жогорудагы маселе боюнча комиссия түзүлүп, текшерүү иштери жүрүп жаткандыгын билдиришти.