"Жыргап чуркоо". Nike жаңы инновациялык бут кийимдерин сатыкка чыгарат


Nike жаңы инновациялык Joyride ("жыргап чуркоо") аттуу ыңгайлуу бут кийимдерин сатыкка чыгарат. Аталган инновациялык технологияны иштеп чыгууга компания 10 жыл короткон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирди.

Маалыматка ылайык, бут кийимдин астыңкы бөлүгүндө майда жумшак тоголокчолор бар. Компаниянын айтымында, тоголокчолор ар бир бутка жараша ыңгайлашуусу Joyride бут кийимдеринин өзгөчөлүгү болуп саналат. Бул инновациялык бут кийим айрыкча чуркагандарды сүйгөндөр үчүн жасалган жана чуркаган учурда жердин үстү катуу болсо, анда жайгашкан 8 миңдей тоголокчо буттун ооруксунуп калуусун азайтат.

Joyride сатууга ушул жылдын 15-августунда 180 доллар баасында чыгуусу күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Chungyz
2019-07-26 15:59:03
Буну кийгенден кийин чуркагын келбей калат
+2
Dalil
2019-07-26 19:11:04
Көп болсо 2 айда Кытайдыкы чыгат Дордойго
+1
bond02
2019-07-26 20:29:30
Андан мурда жыргап акча табуу деген нерсе жакшы болмок э, баарыбыз сатып алмакпыз.
-1
Ali1510
2019-07-29 13:01:39
Озу эле баскан немедей мактап салыптырго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан