Литвалык окумуштуулар Балтика деңизинин түбүндөгү болжол менен 10 миң жыл мурун чөгүп кеткен байыркы токойду таап чыгышты. Клайпедск университетинин кызматкерлери тарабынан аныкталган укмуштуу табылга тууралуу Science in Poland басмасы жазып чыкты.
Окумуштуулар деңиздин түбүнөн табылган токой - эл жашаган Юодкранте аймагындагы 9-10 миң жыл мурун муз доорунун финалдык фазасында чөгүп кеткендигин ишенимдүү айтышууда. Ал учурда Балтика деңизи, бүгүн бизге белгилүү калыбын ала баштаган.
"Муз жылып, алардын орду сууга толот. Ошол жерлердин биринде бүгүн сөз болуп жаткан токой табылган. Белгилей кетчү нерсе, бул жерде сөз жыш токой массиви тууралуу болуп жатат. Башкача айтканда, деңиз чоң экосистемин жутуп кеткен", - дейт литвалык окумуштуулар.
Байыркы чөгүп кеткен токойду табуу экспедициясына Клайпедск университетине караштуу “Brabander” кемеси катышкан. Долбоорго катышкан польшалык археологдор оор шартта суу алдындагы сүрөттөрдөгү объектилерди идентификациялоого мүмкүнчүлүк түзгөн атайын калибровикалык девайсты сынап көрүштү.