Президент: "Кыргыз-Тажик чек арасындагы пикир келишпестикти калыс изилдеп, мындай окуяны экинчи болтурбоо үчүн чараларды көрүшүбүз керек"

"Кыргыз-тажик бир тууган элдери илгертеден эле тынчтыкта жана ынтымакта жашап келген жана бүгүн да жашап жатышат" деп бүгүн, 26-июлда президент Сооронбай Жээнбеков иш сапарынын алкагында Исфара шаарында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушууда билдирди. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү күндү тарыхый жолугушуу катары баалай турганын белгиледи.

"Кыргыз-Тажик мамлекет башчылары эгемендик жылдары алгачкы жолу чек арада жолугушту. Бул биздин сунушубузду колдогон урматтуу Эмомали Рахмондун акылдуу чечими менен болду. Албетте, биздин бул жолугушуубуз саясий диалогду улантуу жана сиздин Кыргыз өлкөсүнө расмий сапарыңызды уюштуруу үчүн олуттуу негиз болот", - деди Сооронбай Жээнбеков.

Ал эки өлкөнүн элдерин салтка айланган достук, ынак кошуналык, тарыхый жана маданий жалпылыктар бириктирип турарын дагы бир жолу белгиледи.

"Тилекке каршы, биздин чек арабызда жаңжал болду. Биз биргелешип анын себептерин калыс изилдеп чыгып, мындай окуяны экинчи болтурбоо үчүн ачык-айкын чараларды көрүшүбүз керек. Сүйлөшүүлөр процессине динамикалуулук жана натыйжалуулук берүүнү сунуштайбыз. Кыргыз-Тажик чек ара маселелери боюнча жөнөкөйдөн татаалга карай принцибин жетекчиликке алуу менен ишти улантуу маанилүү. Биргелешкен аракеттер менен биздин чек араларды жаратмандыктын, тынчтыктын жана бакубатчылыктын дарбазасына айландыра аларыбызга ишенем", - дейт Сооронбай Жээнбеков.

Исфара шаарындагы жолугушуудан соң эки өлкөнүн башчылары Кыргыз мамлекетинин Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарына келишет.

Сооронбай Жээнбеков жана Эмомали Рахмондун сүйлөшүүлөрү эртең, 27-июлда улантылат. Президенттер эки тараптуу кызматташтыктын бардык маселелерин, анын ичинде Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча чараларды талкуулашат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан