Кечээ, 26-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз-Орус Жаш лидерлеринин форумунда сөз сүйлөп, жаштар саясатын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын белгиледи. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
"Негизинен жеке мен үчүн жаштар менен жолугушуу – бул ар дайым жашоого болгон жаңы идеялар жана көз караштар. Жаштар арасында жүрүп, алардын көйгөйлөрүн жана жетишкендиктерин аңдап билип, коомдун маселелерин терең түшүнөсүң. Ишенсеңер, бул премьер-министр катары мага тигил же бул процесстерге башкача кароого жана маанилүү чечимдерди кабыл алууга жардам берет. Бүгүн форумдун аянтчасында Орусия жана Кыргыз мамлекетинин аймактарынан келген активисттер жана чыныгы лидерлер чогулушкан. Алар күчтүү адамдар деп ишенем, алар үчүн дүйнөнү жакшы жагына өзгөртүүгө жана өз өлкөсүнө чоң пайда алып келүүгө эч кандай тоскоолдуктар жок", – деди өкмөт башчы.
Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, акыркы убакта Кыргыз мамлекети жана Орусиянын ар түрдүү деңгээлдеги делегацияларынын ортосундагы жемиштүү жолугушуулар биз үчүн кадимки эле көрүнүш болуп калды.
"Мен жаштар саясатын өзгөртүүнүн үч башкы багытын көрүп турам. Жаштардын заманбап дүйнөнүн экономикалык процесстерине активдүү катышуусу. Бүгүн жаштар экономикалык өнүгүүнүн глобалдык процесстерине активдүү тартылууга тийиш. Заманбап жашоого маалыматтык тутумдардын жана технологиялардын киргизилиши көнүмүш ченем болуп калды. Дал ушул жаштар дүйнөлүк экономикага санариптештирүүнү киргизүү процессин тездеткен күч болот. Экинчи багыт – жаштардын жумушсуздук маселелерин чечүү. Мамлекеттик колдоо көрсөтүү, эң ириде, жаш жарандардын идеяларын жана долбоорлорун ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү. Кыргыз мамлекетинде жаштарды иш менен камсыз кылуу маселесин өкмөт стратегиялык программалар менен биргеликте карайт. Кыргыз өкмөтү тарабынан бизнес-чөйрөнү жакшыртуу боюнча бир катар иш-чаралар аткарылууда, алсак, өлкө аймагында жаңы иш баштаган ишкерлер салыктын бир нече түрүнөн бошотулат. Бул чаралардын баары өз жемишин берип жатат. Мындан тышкары өкмөт жаштардын ар бир демилгесин колдойт жана башталгыч ишкерлерге ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр. Үчүнчүдөн, албетте, үй-бүлөлүк баалуулуктарды өнүктүрүү. Бекем үй-бүлө – бул күчтүү мамлекеттин өзөгү. Ошондуктан биз үй-бүлөгө жана үй-бүлөлүк мамилелерге өзгөчө көңүл бурууга тийишпиз. Адеп-ахлак баалуулуктары дал ушул үй-бүлөнүн очогунда калыптанат. Үй-бүлөлүк баалуулуктарды жоготуу менен биз келечегибизди жоготобуз. Мекенчилдик сезими жаштарга ата-эненин сүйүүсү жана мээрими аркылуу сиңет. Бул өтө аяр түшүнүк. Улуу орус педагогу Василий Сухомлинский айткандай, үй-бүлө – бул адам окуп, үйрөнүп жана жакшылык кыла турган баштапкы чөйрө. Сергек жашоо мүнөзү, спорт, маданият жана толук кандуу бактылуу үй-бүлө деген баалуулуктар заманбап жаштар саясатынын негизи болушу керек деп эсептейм", – дейт премьер-министр.