Кыргыз-Казак чек арасына жакын жерде аңчылык курал табылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, чек ара кызматкерлери Чүй облусунун Кемин районунун Кара-Булак айылынан 16 калибрлүү аңчылык курал тапты. Курал Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмүнө тактоо үчүн өткөрүлүп берилди.