Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз-Орус жаш лидерлери форумунун катышуучулары менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчы Орусиянын президенти Владимир Путиндин 2019-жылдын март айындагы Кыргыз мамлекетине сапарында Кыргыз-Орус жаштарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси да талкууланганын эске салды.
Президент жаш лидерлердин форуму эки өлкөнүн жаштарынын мындан аркы кызматташтыгы үчүн мыкты негиз болоруна ишеним билдирди.
"Бизди Орусия менен тарыхый достуктун, союздаштыктын жана өз ара урматтоонун бекем салттарына негизденген ишеничтүү мамилелер байланыштырып турат. Орусия - биз үчүн жакын, ишенимдүү жана стратегиялык өнөктөш. Биз Орусия менен бирге алга жылгыбыз келет, өлкөлөрүбүздүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн биздин мамилелерди өркүндөткүбүз жана бекемдегибиз келет", - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Жолугушуунун соңунда бирге сүрөткө түшүп, форумдун катышуучулары президентке символикалуу белектерди тапшырышты.
Форум өз ишин 25-июлда Бишкек шаарында баштап, 30-июлга чейин Чолпон-Ата шаарында уланат.