Ошто сейил бактарды оңдоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш районунун Исанов көчөсүндөгү аллеяны оңдоо иштери жүрүүдө. Мындан сырткары Раззаков көчөсүнө жаңы сквер салынып жатат.
Реконструкциялоо иштери шаардагы көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты тарабынан аткарылып жатат. Эс алуу жайларынын абалын жакшыртуу боюнча шаар мэри Таалайбек Сарыбашов тапшырма берген.