Америкалык Рисса аттуу кыздын кыргызча сүйлөп жаткандагы видеосу учурда популярдуу болуп жатат. Интернет колдонуучулары каалоо болсо эле тилди үйрөнүп кетүү мүмкүн экенин белгилешүүдө.
Жагымдуу күлкүсү менен адамды өзүнө тартып турган кыз 2 жыл мурун Кыргыз жерине келгенин айтат. Күн сайын 6 сааттан окуп, эки айда кыргызча сүйлөп кеткенин билдирген. Ат-Башыдагы мектепте англис тилинен сабак берип, учурда котормочу болуп жаткан кыз келечек пландары тууралуу да айткан.