АКШда дүйнө жүзүндөгү эң акылдуу ит өлдү

1000ден ашуун сөз билген Чейзер аттуу ит өлдү. Ал 15 жашта болчу. Аны журналисттер “Дүйнө жүзүндөгү эң акылдуу ит” деп аташкан эле. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Түштүк Каролина штатындагы Жон Пилл аттуу психиатрдын бордер-колли тукумундагы Чейзер аттуу ити, өзүн жана кожоюнун дүйнө жүзүнө таанытты. Жон Пилл Чейзерди 2004-жылы сатып алган. Пенсиядагы психиатр эксперимент кылууну чечип, жаныбарын күнүнө 4-5 сааттан машыктырчу. Пилли итке түрдүү буюмдарды көрсөтүп, алардын аталыштарын даана 40 жолудан кайталап, андан соң аларды жашырып, табуусун буйрук кылчу.
Бордер-коллини машыктыруу 3 жылга созулган. Жыйынтыгында Чейзер 1022 сөздү эстеп калган машыгуунун уникалдуу методикасы иштелип чыккан.

Көбүнчө зат атоочтордун аталыштары, жалпы жана жеке аттар болгон. Кожоюн итти машыктыруу үчүн 800гө чукул жумшак оюнчуктарды, 116 шар, 26 фрисби (учуучу диск) жана башка пластик буюмдарды пайдалангандыгын Independent басылмасы жазат.

Былтыр Чейзердин кожоюну Жон Пилл 89 жашында көз жумган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан