Калифорнияда сарымсак фестивалына келгендерге карата белгисиз адам ок чыгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Окуя Калифорнияда Gilroy Garlic фестивалында болду. Жабыркагандар жана каза болгондор тууралуу расмий маалымат таратыла элек. Айрым басылмалардын билдирүүсү боюнча жабыркагандардын саны 60тан ашты. NBC басылмасы кеминде үч адам каза болгонун жазса, CNN бир адам көз жумганын билдирди. Күбөлөрдүн айтымында, белгисиз адам 10-15 жолу туш келди ок чыгарган.