Москвада митингде кармалгандардын көпчүлүгү аталган шаардын тургуну эмес болуп чыкты

Москвада митингде кармалгандардын көпчүлүгү аталган шаардын тургуну эмес болуп чыкты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар ИИМ тараткан маалыматка таянып жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 27-июлда Москвада шаардык кеңешке шайлоого катышпай калган талапкерди коргоп, 3 миңден ашык адам митингге чыккан. Алардын 1000дейи полиция тарабынан кармалды. "Орусиянын ИИМи акция шаар бийлиги менен макулдашылбаганын билдирди. Кармалгандарга мыйзамда каралган чаралар көрүлдү. 600гө жакын адам Москва шаарынын тургуну эмес болуп чыкты", - деп жазылат маалыматта.

Шайлоого талапкер катары чыккан Дмитрий Гудковду, Любовь Соболду, Илья Яшинди, Константин Янкаускасты, Иван Ждановду, Юлия Галяминаны, Елена Русакованы Борбордук шайлоо комиссиясы каттоодон баш тарткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан