Окумуштуулар смартфондун уйкуга тийгизген таасирин аныкташты

Окумуштуулар кыска убакытта смартфонду пайдалануу эртеңки күндүн сергектигине таасирин тийгизет, бирок адамдын биологиялык саатына эч кандай зыяны жок экенин аныкташты.

Чет элдик басылмалар буга чейин гаджеттин экранынан чыккан нурлар зыян экенин изилдөөлөр көрсөткөнүн жазып чыгышкан. Жадагалса түн жарымында саатты кароо дагы уйкусуздукка алып келиши ыктымал экени айтылган. Мындан улам, окумуштуулар түстүү дисплей уйкунун сапатына кандай таасир берерине изилдөө жүргүзүшкөн.

Ага ылайык, бир нече секундага күйүп турган экран уйкусуздукка алып келбейт. Тез чагылган нур уйкуну татаалдаштырганы менен организмдин жалпы циркаддык ритмине (адамдын ички организминин сутка ичиндеги өзгөрүүсү) таасирин тийгизбейт.

Мындай изилдөөнү жүргүзүү кыска мөөнөттөгү жарык импульсунун мээнин иш-аракетине тийгизген таасирин аныктоо менен коштолгон. Натыйжада ар кандай жарык аркылуу келген маалыматтар адамдын организминин сергектигине жана уйку циклине жооп берген гипоталамуска берилери аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aksy.1989
2019-07-29 19:13:32
Изилдеген окумуштуулар канча тыйындан алышты экен?
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан