АКШда сот унаасына балдарын унутуп кетип, алардын өлүмүнө себепкер болгон атага карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка караганда, 39 жаштагы Хуан Родригес 1 жашар эгиз балдары – Луна менен Фениксти бала бакчага алып бармакчы болгон. Бирок Honda Аккорд автоунаасына унутуп коюп, жумушуна кирип кеткен. Алар унаадагы температуранын жогорулап кетишинин натыйжасында көз жумган.
Беш баланын атасы Хуан Родригес жумушуна саат 8:22де кирип кетип, унаадагы балдардын абалы тууралуу саат 16:00 чамасында жумушунан чыгып кетип бара жатканда билген. Ал шок абалында кыйкырып жаткан маалда, окуянын күбөлөрү полиция кызматкерлерин чакырышкан. Ошону менен катар чакырылган "Тез жардам" келген учурда эгиздердин оозунан көбүк чыгып, алар каза болгону аныкталган.
Сот Хуан Родригеске 100 000 доллар айып пул төлөө боюнча өкүм чыгарды. Ал 2 саат аралыгында аталган сумманы төлөп, бошотулган. Маалыматка караганда, АКШда жылына орто эсеп менен унаада көзөмөлсүз калган 38 бала көз жумат. Былтыр Улуттук коопсуздук кеңешинин билдирүүсүнө караганда 52 бала көз жумуп, рекорддук көрсөткүчкө жеткен.