Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы бирдиктүү депозиттик эсепке кезектеги 7 миллион 572 миң 41 сом өлчөмүндө акча которду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.
Белгилүү болгондой, акча которуу Экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү жазык иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан келип түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу жана топтоо үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачуу боюнча өкмөттүн токтомун аткаруу үчүн ишке ашты.
Азыркы убакта аталган кызматта өлкөнүн ички экономикалык коопсуздугун камсыздоого, экономикалык жана кызматтык кылмыштардан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталган тезистерин ишке ашыруу боюнча тийиштүү чараларды көрүү уланып жатканы айтылды.