Гонконгдо эки кабаттуу 2 автобус сүзүшүп, 70тен ашык адам жабыркады
Гонконгдо эки кабаттуу 2 автобус сүзүшүп, 70тен ашык адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 30-июлда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кырсык "Тай Лам" тоннелинин жанында орун алган. Анда эки автобус сүзүшкөн.
"Экинчи кабатта бараткан жүргүнчүлөрдүн басымдуу бөлүгү уктап бараткан, алар катуу соккудан улам ойгонушкан. Ар түрдүү жаракаттарды алган 70тен ашык жүргүнчү жакынкы ооруканага жеткирилген. Учурда жол кырсыгы эмне себептен улам келип чыкканы аныкталууда. Кырсык болгон жерде тиешелүү кызматтар иш алып барууда", - деп айтылат маалыматта.