13-мартта Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык унаа жолунун курулушуна каршы болгон Тажикстандын жарандары менен Кыргыз жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Вице-премьер Жеңиш Разаков менен Тажикстандын премьеринин орун басары Азим Иброхим кырдаалды жөнгө салуу боюнча протоколго кол коюшкан. Саясатчы Камчыбек Ташиев бийлик өкүлдөрү Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча түзүлгөн жаңы протоколдун мазмунун элден жашырып жатканын айтып чыккан.
22-июлда Баткен облусунун Ак-Сай айылынын тургундары менен Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосунда чыр кайталанды. Мындан улам эки өлкөнүн президенттери жолугушту. Бирок анын жыйынтыгында кандай чечим кабыл алынганы, ошондой эле ушул күнгө чейин жогорудагы протокол тууралуу да кенен маалымат бериле элек.
SUPER.KG порталы "Кыргыз-Тажик чек арасындагы март айында чыккан жаңжалдан кийин протоколго кол коюлган. Эмне үчүн ушул убакытка чейин ошол протокол ачыкталбай келет?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев Кыргыз-Тажик чек арасындагы чырдан кийин кол коюлган протокол ачык айтылганын билдирди. "Протокол ачык айтылган. Ак-Сай-Тамдык унаа жолунун курулуш иштерин улантуу боюнча макулдашылганы ачык жарыяланган. Маанилүү чечимдер кабыл алынган эмес. Ошондо кабыл алынган кээ бир жумуштар аткарылып жатат. Аксай-Тамдык унаа жолдорун, социалдык объекттерди куруу боюнча жумуштар аткарылууда. Бул Ак-Сай тууралуу чечимдер, ал эми Баткен облусу боюнча бир топ чечим кабыл алынганы менен тапшырмалар аткарыла элек. Жакында эки президенттин жолугушуусунда кандай чечимдер кабыл алынганы боюнча маалымат бизге жете элек", - дейт Тиллаев.