Жалал-Абадда колуна чынжыр байланган абалда үйүнөн качып кеткен кыз апасына кайтарылып берилди. Бул тууралуу бүгүн, 30-июлда SUPER.KG порталына Жалал-Абад шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынан билдиришти.
Буга чейин белгилүү болгондой, кыз окуядан кийин Жалал-Абад шаардык балдарды калыбына келтирүү "Акжол" борборуна алынган. Ал алгач апасы менен жолугушуудан баш тартып, 2 айдан ашык убакыттан кийин апасы менен көрүшкөн.
“Бул окуя боюнча тергөө иштери аягына чыга элек. Өспүрүм кыз февраль айында Жалал-Абад шаардык балдарды калыбына келтирүү "Акжол" борборуна алып келинген. Кыз менен тиешелүү адистер, борбордун кызматкерлери иш алып барды. Июнь айында ал апасына кайтарылып берилген, учурда баары жакшы.
Кыз окуусун ийгиликтүү аяктап, бардык экзамендерди жакшы бааларга тапшырды. Окуусун толук аяктаган соң апасына өткөрүлүп берилди. Ал борбордон катуу өзгөрүлдү, жаңы максаттары, пландары пайда болду", - деп билдиришти борбордон.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
19-февралда байпакчан, колуна чынжыр тагылган кыз ыйлап жаткан видео тараган. Кийин кыздын ата-энеси ал 6 айлык кезинде ажырашып кеткени жана аны апасы жалгыз тарбиялап келгени белгилүү болгон. Кийин өспүрүм кыз буга чейин да үйүнөн 2 жолу качып, кайра кайтарылганы белгилүү болгон. Окуядан кийин кыздын апасы жергиликтүү каналдардын бирине маек берип, анда өспүрүм жаман жолго түшүп, ичимдик ичип, клей жыттап калганын ачыктаган. Мындан кийин бул маалыматтар текшерүүгө алынып, далилденген эмес.