Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусуна болгон сапарынын алкагында Бишкек-Кара-Балта унаа жолун реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 30-июлда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов унаа жолунун 61-чакырымындагы курулуш иштеринин жүрүшү тууралуу маалымдады. "Долбоордо 4 жана 6 кыймыл тилкеси, көпүрөнү оңдоп кеңейтүү, чакан жасалма курулуштар, сууну агызуу курулмалары, базарлардын жанында унаа токтотуучу жайлар каралган. Келишимдин суммасы 70 миллион 24 миң долларды түзөт", - дейт министр.
Анын маалыматы боюнча буга чейин курулуш иштери графиктен кечеңдеп келген, бирок бүгүнкү күнү бардык маселелер чечилген. Ал Транспорт жана жолдор министрлиги унаа жолду реконструкциялоо долбоорун өз убагында аяктоо максатын көздөй турганын айтты.
Өкмөт башчы белгилегендей, долбоорду каржылоо маселелери жана башка долбоорду ишке ашырууга байланыштуу суроолор толук чечилген. Премьер-министр бардык иштерди сапаттуу аткарууну камсыз кылууну тапшырды.
"Кыймыл жыш бул жолдо жарандарыбыз кандай ыңгайсыздыктарды тартып жатканын биз билебиз. Аларга чыдамкайлыгы үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Кийинки жылы бул жерде тиешелүү жол инфратүзүмү бар, жарыктандыруусу жакшы, суу агызуу курулмалары, унаа токтотуучу жайлары, кеңири тротуарлары менен камсыздалган заманбап жол болот. Жалданма компаниялардын алдына өтө катуу талаптарды коюп жатабыз. Өкмөт бардык оңдоо иштерин сапаттуу аткарууга көңүл бурат жана белгиленген мөөнөтүндө аяктайт", - деди ал.
Мухаммедкалый Абылгазиев Транспорт жана жолдор министрлигинин жетекчилигине бир катар тапшырмаларды берди.