Иран соту Тегерандын экс-мэрин аялын өлтүргөнү үчүн өлүм жазасына тартуу чечимин чыгарды

Иран соту Тегерандын мурунку мэри жана президенттин кеңешчиси Мохаммад Али Нажафини өлүм жазасына тартуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 28-майда Тегерандын түндүк тарабындагы турак жайлардын биринде экс-мэрдин аялынын сөөгү табылган. Мохаммад Али Нажафи полицияга өзү барып, аялын атып өлтүргөнүн моюнуна алган. Ал өз сөзүндө буга жубайы экөөнүн ортосундагы пикир келишпестик жана түшүнбөстүктөр себеп болгонун билдирген.

Мохаммад Али Нажафи 2017-2018-жылга чейин Тегеран шаарынын мэри болуп иштеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Chungyz
2019-07-30 22:25:33
Токой
-3
Makul
2019-07-30 22:56:13
Мэрдин аялы деп жазса туура болот
0
Makul
2019-07-31 01:28:44
Мэрдин аялын
0
Avrora2017
2019-07-31 04:37:02
Биздеда аялдарын олтургондорго олум жазасын берсе жакшы болмок а то коп болуп атат ушундайлар то атып салган то бычактап салган аялын кандай жанылык окуба
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан