"Адам сатуунун көпчүлүк курмандыктары - бул эмгекке жарамдуу калк" дейт вице-премьер

"Адам сатуунун алдын алуу мамлекеттик саясаттын кылмыштуулукка каршы күрөшкө жана бул маселенин курмандыктарынын укуктарын коргоого багытталган" деп вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Адам сатууга каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө арналган сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышында айтты. Бул тууралуу бүгүн, 30-июлда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, өткөрүлгөн иш-чаралар коомчулуктун, анын ичинде жаштардын көңүлүн адам сатуу көйгөйүнө жана анын кесепеттерине бурдурууга багытталган.

"Бул маселе глобалдык масштабдагы көрүнүш болуп калды. Адам сатууга негиз болгон бир нече факторлор бар. Алардын бири жумушсуздук менен байланышкан, жогорку айлык акы жана жакшы жашоо шарттарын издеген ички жана тышкы мигранттардын санын өстүргөн татаал социалдык-экономикалык абал. Адам сатуунун көпчүлүк курмандыктары - бул эмгекке жарамдуу калк", - деди вице-премьер-министр.

Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, учурда Кыргыз Республикасында адам сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү ишинин алкагында тиешелүү мыйзам жана эл аралык-келишимдик база түзүлгөн. Анын айтымында, өкмөт тарабынан 2017-2020-жылдарга карата адам сатууга каршы күрөшүү боюнча программа ишке ашырылууда. Жарандар арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан