Президент Чүй облусунун Панфилов районунун жашоочулары менен жолугушууда

Президент Сооронбай Жээнбеков 31-июлда Чүй облусунда жумушчу сапары менен болуп, Панфилов районунун жашоочулары менен жолугушууда.

Сооронбай Жээнбеков аймактарды өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кыскача айтып берип, аймактарда ишкерликти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүп жаткандыгын белгиледи.

Президент ишкерлик үчүн берилген жеңилдиктер, өлкөнүн экспорттук дареметин арттыруу, каржы институттары тарабынан жеңилдетилген насыялоо боюнча иштерге токтолду.

"Аймактарды өнүктүрүү үчүн бардык шарттар түзүлүүдө. Акимдер жана жергиликтүү бийлик кошумча инвестицияларды тартуу үчүн активдүү иштөөсү керек, эл аралык каржы институттары Кыргыз өлкөсү менен иш алып барууга даяр", - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ошондой эле ал ирригация, таза суу менен камсыз кылуу, ипотекалык насыялоо, стратегиялык жолдордун курулушу, инфраструктуралык объектилер, энергетика тармагындагы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, айыл чарба товар өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүү боюнча мамлекеттик программалардын ишке ашырылышын белгиледи. Өзгөчө экологиялык таза ата мекендик продукцияларды экспортко чыгарууну өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Мамлекет башчысы саламаттыкты сактоо, билим берүү жана спортту өнүктүрүү боюнча долбоорлорго токтолуп, мугалимдердин айлык акысын көбөйтүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Сот-укуктук реформа, коррупция менен күрөшүү, тышкы саясат, өлкөнү санариптештирүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатканы тууралуу айтып берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан