Борбор калаадагы Күрөңкеев көчөсүндө жолду оңдоо иштери башталып, бирок эки аптадан бери иш токтоп турганын "ЭЛДИК КАБАРга" байланышкан окурман билдирген.
Ал кайрылуусунда: "Күрөңкеев көчөсүндө жол оңдоо үчүн казылган бойдон турат. Жол чаң болуп, тургундарга ыңгайсыздык жаратууда. Аталган көчөдө оңдоочу техникалар турганы менен жумушчулардан дайын жок. Ишти улантууга эмне тоскоолдук болуп жатат? Мэрия көзөмөлгө албай кайсы жакты карап отурат? Ишти баштаган соң батыраак аягына чыгышпайбы?!" - деген.
Бул боюнча Бишкек мэриясына кайрылганыбызда төмөнкүлөрдү билдиришти. "Аталган тилкедеги оңдоо иштерин "Чу Прокси" ЖЧКсы жүргүзүп жатат. Азыркы тапта Күрөңкеев көчөсүндөгү тилке асфальт төшөөгө даярдалды. Жол август айынын соңунда оңдолуп бүтөт".